Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарбасын механизациялоону колдоо боюнча долбоорго катышууга консалтингдик компанияларды чакырат.

05.02.2026

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарбасын механизациялоону колдоо боюнча долбоорго катышууга консалтингдик компанияларды чакырат.


Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарбасын механизациялоону колдоо боюнча долбоордун алкагында консультациялык жана окутуу кызматтарын көрсөтүүгө кызыкдар болгон квалификациялуу консалтингдик компанияларды өз кызыкчылыгын билдирүүгө чакырат.


Долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын институтунун техникалык жардамы менен ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты — окутуу жана консалтинг боюнча комплекстүү кызматтарды көрсөтүү аркылуу долбоорду колдоо.


Бул кызыкдар тараптардын ислам банкингинин принциптерин түшүнүүсүн жана колдонушун жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттик органдарга ушул принциптерге ылайык ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Талаптар, катышуу шарттары жана арыздарды берүү тартиби тууралуу кеңири маалымат Министрликтин расмий сайтында жайгаштырылган:
www.water.gov.kg

← Тизме боюнча артка