Айыл Банк чакан жана орто ишкердикти колдоо үчүн жеңилдетилген кредиттөөнү сунуштайт
Айыл Банк Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн жеңилдетилген кредиттөө программасынын ишке киргизилгенин маалымдайт. Бул демилге ишкерликти мамлекеттик колдоонун алкагында ишке ашыруу менен ишкерлердин жеңилдетилген шарттарда узак мөөнөттүү жана туруктуу каржылык ресурстарга жетүүсүн кеңейтүүгө, инвестициялык активдүүлүктү жогорулатууга, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Программа экономиканын артыкчылыктуу тармактарында иш алып барган жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга багытталган. Анын ичинде:
— тамак-аш азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү;
— тигүү жана текстиль өндүрүшү;
— өндүрүш жана кайра иштетүү тармактары;
— туризм;
— билим берүү;
— саламаттык сактоо;
— IT, инновациялар жана стартаптар;
— кол өнөрчүлүк жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү.
Алынган кредиттик каражаттар өндүрүштүк жабдууларды жана техникаларды сатып алууга, өндүрүшкө багытталган транспорт каражаттарын алууга, ошондой эле иштеп жаткан бизнести кеңейтүүгө жана модернизациялоого жумшалат.
Кредиттер улуттук валютада — сом менен — жылдык 6% үстөк чен менен (натыйжалуу пайыздык чен 6,16%дан баштап), 60 айга чейинки мөөнөткө берилет. Каржылоонун максималдуу суммасы 50 млн сомго чейин, кредиттин максатына жана карыз алуучунун категориясына жараша аныкталат.
Бул программанын ишке ашырылышы ишкердиктин өнүгүшүнө, заманбап технологиялардын киргизилишине жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Улуттук банктын лицензиясы № 048