Айыл Банк "Айыл чарбасын каржылоо — 14" программасы боюнча фермерлерди каржылоону баштады

11.02.2026

Айыл Банк "Айыл чарбасын каржылоо — 14" программасы боюнча фермерлерди каржылоону баштады

Кыргыз Республикасынын агрардык секторун колдоо жана өнүктүрүү максатында Айыл Банк фермерлерди жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген «Айыл чарбасын каржылоо – 14» программасынын алкагында каржылай баштады.

 Каржылоо багыттары:

  •  мал чарбачылыгын өнүктүрүү
  •  өсүмдүктөрдү өстүрүүнү өнүктүрүү
  •  суу сактоочу сугат технологияларын киргизүү (тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары)

 Кредиттин суммасы:
сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизген учурда — 3 млн сомго чейин
мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү — 1 млн сомго чейин

 Шарттары:

  • жылдык чен — 6%
  • мөөнөт — 36 айга 
  • жеңилдетилген мөөнөт — негизги карыз боюнча 6 айга чейин

 Кепилдик:
500 000 сомго чейин — мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү менен алектенген субъекттер үчүн кепилдиксиз
кепилдик жетишсиз болгондо — Кепилдик фонду аркылуу кепилдик алууга мүмкүнчүлүк
 Арыздарды кабыл алуу 11-февралдан тартып Банктын бардык филиалдарында башталат.

 Кредиттин шарттары жөнүндө толук маалыматты Айыл Банктын бардык филиалдарынын ала аласыздар.

← Тизме боюнча артка