«Айыл Банк» ААК банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана системаларды модернизациялоо максатында пландалган техникалык иштер жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт.
14-февралдан 17-февралга чейин Банктын бөлүмдөрүндө банктык карталарды тейлөө убактылуу жеткиликсиз болот. Чектөөлөр Банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү кассалар жана операциялык терезелер аркылуу жүргүзүлүүчү операцияларга тиешелүү.
Убактылуу жеткиликсиз боло турган операциялар:
- касса аркылуу банктык карталарды накталай толуктоо жана накталай акча алуу;
- кеңселерде карталар боюнча накталай эмес операцияларды жүргүзүү;
- клиринг, гросс жана SWIFT системалары аркылуу банктык карталарды толуктоо;
- эмгек акыны жана пенсияларды эсепке чегерүү;
- банктык карталарды ачуу жана карталар боюнча башка нефинансылык операциялар.
Соода жана тейлөө ишканалары үчүн маалымат
- 13-февралдан 17-февралга чейин жүргүзүлгөн операциялар боюнча өз ара эсептешүүлөр 18-февралда жүргүзүлөт.
Аралыктан тейлөө кызматтарынын иштөөсү
- Мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг штаттык режимде иштейт.
- Банкоматтар аркылуу накталай акча алуу жана POS-терминалдар аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөр чектөөсүз жеткиликтүү болот.
- Юридикалык жактар үчүн интернет-банкинг аркылуу эмгек акыны чегерүү операциясы убактылуу жеткиликсиз болот.
Кардарларыбызды операцияларын алдын ала пландаштырууга чакырабыз.