Айыл Банк Элкарт ислам төлөм карталарын ишке киргизди

13.02.2026

Айыл Банктын Ислам терезеси өз ишмердүүлүгүндө ислам банкингин өнүктүрүүнү улантып, жаңы продукт — “Элкарт” ислам төлөм карталарын сунуштайт. Бул карта шариат талаптарына толук жооп берген, күнүмдүк ыңгайлуу жана заманбап каржылык инструмент болуп саналат.

Элкарт ислам төлөм картасы — бул:

  • каржылык операциялардын ачыктыгы жана түшүнүктүүлүгү;
  • ислам нормаларына толук шайкештик;
  • күнүмдүк колдонууда ишенимдүүлүк жана ыңгайлуулук.

Карта аркылуу кардарлар өз каражаттарын эркин башкара алышат жана төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат:

  • дүкөндөрдө, кафе-ресторандарда, дарыканаларда жана башка соода-кызмат көрсөтүү жайларында онлайн жана офлайн төлөмдөрдү жүргүзүү;
  • картадан картага акча которуулар;
  • каалаган мекемеде QR-код аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү;
  • Айыл Банктын мобилдик тиркемеси аркылуу накталай акча алуу жана башка операцияларды жүргүзүү.

Бул мүмкүнчүлүктөрдүн бардыгы Айыл Банктын Ислам терезеси сунуштаган Элкарт ислам төлөм карталары менен жеткиликтүү.

Картаны тейлөө шарттары:

  • картаны чыгаруу баасы — 100 сом;
  • картанын валютасы — сом;
  • жылдык тейлөө акысы — 200 сом;
  • кошумча картаны чыгаруу — акысыз.

Элкарт ислам карталары Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Өзбекстан Республикасында HUMO төлөм системасынын түзмөктөрүндө тейленет.

Элкарт ислам төлөм картасы тууралуу толук маалыматты Айыл Банктын бардык филиалдарынан жана банктын расмий сайты аркылуу алууга болот — www.ab.kg.

 

 

← Тизме боюнча артка