«Балага сүйүнчү»: эмне документтер керек жана төлөмдү кантип алууга болот

03.03.2026

 «Балага сүйүнчү»: эмне документтер керек жана төлөмдү кантип алууга болот

«Балага сүйүнчү» — бул ар бир төрөлгөн балага берилүүчү бир жолку мамлекеттик төлөм.
Төлөм Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы №433 токтому менен бекитилген Жобонун негизинде дайындалат.

 Төлөмдүн өлчөмү

  • 4 000 сом — бир бала төрөлгөндө
  • 40 000 сом — үч же андан көп бала бир учурда төрөлгөндө (ар бирине)

Төлөмдү дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси эске алынбайт.

 Арызды кайда жана кантип берүү керек?

 Аймактык органдар аркылуу (КТБ / ЖАК)
Жакынкы Калкты тейлөө борборуна же ЖАК (Жарандык абалдын актыларын каттоо) органына жеке кайрылып:

  • баланын төрөлүшүн каттатасыз;
  • «Балага сүйүнчү» төлөмүнө арыз бересиз;
  • төлөм алуучу банк катары Айыл Банкты көрсөтөсүз.

 «Түндүк» электрондук порталы аркылуу
Арызды онлайн түрдө мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу берүүгө болот:
https://portal.tunduk.kg/basic_service/opisanie/301 

Электрондук арыз формасын толтуруп, төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:

  • баланын маалыматтары (ПИН);
  • арыз берүүчүнүн маалыматтары;
  • жашаган дареги;
  • төлөм алуучу банк катары Айыл Банкты тандайсыз.

Арызга баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн электрондук көчүрмөсү тиркелет.

 Ким арыз бере алат?

  • Бала менен чогуу жашаган ата-эненин бири
  • Камкорчу
  • Асырап алуучу
  • Ишеним каттын негизинде өкүл

Керектүү документтер

Арыз бергенде төмөнкү документтер талап кылынат:

  • арыз берүүчүнүн паспорту;
  • баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.

Айрым учурларда (камкорчу, асырап алуучу, өкүл же чет өлкө жараны кайрылганда) кошумча документтер талап кылынат:

  • камкорчу дайындоо тууралуу соттун чечиминин көчүрмөсү;
  • ишеним кат;
  • асырап алуу тууралуу сот чечиминин көчүрмөсү;
  • кайрылман күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
  • жашоого уруксат кагазынын көчүрмөсү.

 Арыз берүү мөөнөтү

Арыз баланын төрөлгөн күнүнөн тартып 6 айдын ичинде (анын ичинде бала 6 айга толгон күнгө чейин) берилиши керек.
Белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин документтер кабыл алынбайт.

 Баш тартуу негиздери

Төлөм дайындалбайт, эгерде:

  • бала кайрылганга чейин каза болсо;
  • документтер жасалма болуп чыкса;
  • ата-энелердин экөө тең келишимге катышпаган мамлекеттин жараны болсо;
  • арыз белгиленген мөөнөттөн кийин берилсе;
  • бала толук мамлекеттик камсыздоодо болсо.

 Каражатты которуу мөөнөтү

Төлөм арыз берилгенден кийин эки жумуш күнүнүн ичинде которулат.
Каражат түшкөнү тууралуу SMS-билдирүү жөнөтүлөт.

 «Айыл Банк» ААКсы аркылуу төлөм алуу

Эгер арыз бергенде Айыл Банкты тандаган болсоңуз, төлөмдү АБанк мобилдик тиркемеси аркылуу ыңгайлуу жана кезексиз ала аласыз.

1-кадам
АБанк тиркемесин ачыңыз.

2-кадам
«Кызматтар» → «Балага сүйүнчү төлөмү» бөлүмүнө өтүңүз.

3-кадам
Сомдук эсеп ачыңыз (эгер али ачыла элек болсо).

4-кадам
Каражат түшүүчү эсепти тандап, төлөмдү алууну ырастаңыз.

Каражат сиздин эсебиңизге түшөт, ал эми операция төлөмдөр тарыхында көрсөтүлөт.

Эгер суроолоруңуз болсо, райондук же шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына же 0312 31 25 02 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.

← Тизме боюнча артка