“Кепилдик Фонду” ААК менен “Айыл Банк” ААКтын ортосунда кызматташуу.

06.03.2017

Күрөө жетишсиз болгондуктан, көбүнчө зайымчылар насыянын сураган суммасын алууга мүмкүнчүлүгү жок болгону, ошондой эле аймактарда кыймылсыз мүлк базары өнүкпөгөндүктөн, ЧОБ үчүн насыяны алуу кыйын маселе болуп жатканы баарына белгилүү.

Фонд, Банк берген насыялар боюнча күрөө камсыздоосу жетишсиз бөлүгүнүн чегинде кепилдигин берип, насыяга жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып жатат.

Кепилдик фондунун негизги маселелери төмөнкүлөр:

- Чакан жана орто ишкердиктин насыялоо тутумун өнүктүрүү;

- ЧОБдун муктаждыктарын канааттандыруу жана ЧОБго, анын ичинде Start-up-ка колдоо көрсөтүү

- ЧОБ субъектилеринин туруктуулугун жогорулатуу;

- Товарларды жана кызматтарды өндүрүү көлөмдөрүн жана сатуулардын жана бюджетке салыктардын түшүүсүн көбөйтүү;

- Жаңы иш орундарды түзүү жана болгон иш орундарды колдоо;

- ЧОБдун бизнести жүргүзүүдө финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

 

Маалым кат:

“Кепилдик фонду” ААК Кыргыз Республикасынын “Кепилдик фонд” ААКты түзүү жөнүндө” 2016-жылдын 23-июнундагы №288-р Буйрутмасы менен түзүлгөн. Азыркы учурда “Кепилдик фонду” ААКтын капиталы 72 млн. сомду түзөт, каражаттар республикалык бюджетинен бөлүнгөн. Ошону менен бирге “Инвестициялык климатты жакшыртуу ” программасынын алкагында, Азия өнүктүрүү банкынын каражаттарынан АКШнын 3 млн. доллары өлчөмүндө акча каражаттары жөнөтүлөт. Жыйынтыгында “КФ” ААКтын капиталы 280 млн сомго жакын сумманы түзүшү керек.

Мындан толук маалыматты www.gf.kg сайтына кайрылып алса болот.

 

 

 

← Тизме боюнча артка