«Айыл Банк» ААКнын аталышы «АБанк» ААК болуп өзгөртүлдү

10.03.2026

«Айыл Банк» ААКнын аталышы «АБанк» ААК болуп өзгөртүлдү

30 жылдан ашык убакыттан бери Банк Кыргызстан менен бирге өнүгүп, аймактарды колдоп, айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп, өлкө боюнча ишкерлерге жана жарандарга финансылык колдоо көрсөтүп келет. Бул аралыкта Банк жаңы технологияларды киргизип, кардарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртты.

Банктын жаңы аталышы анын заманбап имиджин чагылдырып, брендди бирдиктүү кылуу жана анын таанымалдуулугун жогорулатуу максаттарына ылайык келет. Банктын негизги баалуулуктары — ишенимдүүлүк, жоопкерчилик жана кардарларга болгон колдоо — өзгөрүүсүз бойдон калат.

Банктын фирмалык аталышы:
кыргыз тилинде — «АБанк» ачык акционердик коому;
орус тилинде — Открытое акционерное общество «АБанк».

Аталыштын өзгөрүшү Банктын ишмердүүлүгүнө жана кардарлар менен өнөктөштөрдүн алдындагы милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт. Бардык реквизиттер, анын ичинде ИНН, юридикалык дарек жана банктык эсептер өзгөрүүсүз калат. Мурда түзүлгөн келишимдер өз күчүндө калат, документтерди жана ишеним каттарды кайрадан тариздөөнүн зарылдыгы жок.

Бул өзгөрүү Банктын акыркы жылдардагы өнүгүү жолунун табигый уландысы болуп саналат. Технологиялар жаңыланып, чечимдер өркүндөтүлүп жатат, ошол эле учурда кардар ар дайым Банктын ишинин борборунда калууда.

АБанк — сизге жакын!

Лицензия №048

← Тизме боюнча артка