“Айыл Банк” ААКтын көчүшү тууралуу билдирүү

10.03.2017

  “Айыл Банк” ААКтын көчүшү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында ар кандай талкуулар болгонуна байланыштуу, төмөнкүнү билдиребиз:

  Банк тарабынан 2012-жылдын 17-январында Мамлекеттик имаратты колдонуу жөнүндө ижара келишими түзүлгөн, ага ылайык 2017-жылдын 01-мартына чейин, Бишкек шаары, Пушкин көч., 50 - дареги боюнча жайгашкан имаратты Айыл Банк ижарага алган.

 Ижаранын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, “Айыл Банк”ААК, Кыргыз Республикасынын“Мамлекеттик сатып алуулар” мыйзамынын алкагында, Банктын Башкы кеңсесин көчүрүү үчүн ижара кызматтарын сатып алууга конкурс жарыяланган. Конкурска 2 компания катышкан. Жыйынтыгында, 1 чарчы метр үчүн 660 сом (АКШнын 9,5 долл.) сунуштаган “Аруу Жылдыз”ЖЧК компаниясы жеңүүчү болуп чыккан, жана аны менен 21 212 400 сом жалпы суммасына келишим түзүлгөн.

  Түзүлгөн келишимдин наркы Бишкек шаарында кыймылсыз мүлк базарындагы ижаранын орто базар наркынан төмөн. Азыркы учурда Банктын Башкы кеңсесин башка имаратка көчүрүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

  Ошондой эле Банктын бардык филиалдары, сактык кассалары адаттагыдай тартипте иштеп жаткандыгы жөнүндө билдиребиз жана Башкы кеңсенин көчүшү Банктын ишине эч кандай терс таасирин тийгизбейт.

 

 

 

← Тизме боюнча артка