Айыл Банк Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине ыраазычылык билдирет

30.03.2017

             Мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Айыл Банк” ААКтын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана мамлекеттик мүлк объектисинин натыйжалуу ишин камсыздоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-мартындагы буйругу менен “Айыл Банк” ААК  3 жылга төмөнкү дарек боюнча жайгашат: Бишкек ш., Пушкин көч., 50.

             “Айыл Банк” ААКтын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жээнбеков Сооронбай Шариповичке ижаранын мөөнөтүн узартканы жөнүндө чечимди кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирет.

            Азыркы учурда Банк, өз алдынча ишин жүргүзгөн субъект катары,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган чечиминин алкагында, “Аруу Жылдыз” ЖЧК менен ижара келишимин бузуу боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзам алкагында баштады.

            Банктын Башкы кеңсесинин бардык бөлүмдөрү адаттагыдай иштеп жатканы жөнүндө кошумча маалымдайбыз.

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка