Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары!

11.04.2017

Айыл Банк “Ысык-Көл Агро - 2017” 1- форумун жана “Ысык-Көл Агро - 2017” көргөзмө – жарманкесин фермерлер жана ишкерлер үчүн, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана башка кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү үчүн өткөргөндүгү жөнүндө жарыялайт.

Форум 2017-жылдын 16-апрелинде саат 9:00дөн 16:00гө чейин Каракол шаарында өтөт.

Форумга катышуу үчүн айыл чарба техникасынын жана жабдуулардын, күнөсканалардын жана көчөттөрдүн ата мекендик жана чет өлкөлүк (КНР, Турция, Россия, Беларусь, Америка, Европа) 13 өндүрүүчү-компаниясы чакырылды.

Форумдун ишине катышууга чакырабыз.

Форумдун уюштуруучу маселелери боюнча төмөнкү уюлдук телефондор боюнча кайрылсаңыз болот: 0559 322 311, 0705751757.

 

← Тизме боюнча артка