“Ысык-Көл Агро - 2017” 1- Форуму жана көргөзмө – жарманкеси

18.04.2017

Бул иш чаранын максаты экономиканын стратегиялык тармактарынын бири болуп саналган агрардык сектордун техникалык жаңыртуусуна шарттарды түзүү үчүн, 2013-2017 жылдарга карата Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган маселелерди чечүү жана ишке ашыруу, ошондой эле лизингди өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүштү техникалык жагынан жаңыртуу үчүн узак мөөнөттүү жана арзан каржы ресурстарды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана айыл чарба техникасын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.

Ушул иш чарага Ысык-Көл облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын өкүлдөрү, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, Айыл чарба академиясынын өкүлдөрү, Кумтор оперейтинг компаниясынын кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү акимдиктердин башчылары, шаарлардын мэрлери, ошондой эле жеке ишкерлер чакырылды.

“Ысык-Кол Агро - 2017” Форумуна 400-гө жакын адам катышты. Ушул Форумда “Айыл Банк” ААКтын насыя багыттарынын, лизинг продуктыларынын жана башка банк насыяларынын презентациялары, “Азра Фрукты” ЖЧКнын алманын жаңы сортторун өстүрүүнүн жаңы технологияларынын, “Delaval” ЖЧШнын саан аппараттарынын ар кандай моделдеринин бетачарлары болуп өттү. Бетачардын жүрүшүндө фермерлер кызыктырган суроолоруна жооп алышты. 

Ысык-Көлдү өнүктүрүү Фондунун катышуусу менен МТСти түзүү боюнча маселелерди талкуулоо үчүн Банктын кызматкерлери жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн башчылары менен жолугушту.

Андан кийин “Ысык-Кол Агро - 2017” көргөзмө – жармаңкесинин расмий ачылышы болду, анда төмөнкү чет өлкө өндүрүүчүлөрүнүн айыл чарба техникасы көрсөтүлдү:

- “Автомаш-Радиатор” ЖЧК;

- “Трактор” ЖЧК;

- “Агротурк” ЖЧК;

- “Евразия Групп” ЖЧК ;

- “Агросервис” ЖЧК;

-“YTO International” ЖЧК;

- “Аталык Групп” ЖАК;

- “Delaval» ЖЧШ;

- «Колакс» компаниясы;

- “Камэкспорт” ЖЧК;

- Howocentre» ЖЧК;

- «Траст сервис- Hyundai» ЖЧК,

- «Автосборочный завод» ААК.

Ачуу аземинде Банктын Башкармалыгынын Төрагасы М.К.Акимов: “Механиканы колдонуп эмгектенүү жана экстенсивдик өндүрүш аз чыгымдар менен чоң киреше алууга мүмкүнчүлүк берет дегенди белгилеп кетким келет. Ушул иш чара фермерлерге жана жабдуучуларга өз ара пайдалуу келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берген аянт болот деп ишенебиз”.

Ошондой эле жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба продукциясы көрсөтүлдү. Келгендер жогорудагы компаниялардын айыл чарба техникасы жана жабдуулары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул көргөзмөгө 1500 адам келип кетти. Көргөзмө артисттердин концерттик программасы менен коштолду.

Иш чара жогорку деңгээлде өттү. Катышуучулар жана келген адамдар ыраазы болуп, Агро көргөзмө жыл сайын болуп өтөрүнө ишеним көрсөтүштү.

 

 

← Тизме боюнча артка