Бүгүн “Айыл Банк” ААКтын кардарлары россиялык ишкерлер менен жолугушту

18.04.2017

“Айыл Банк” ААКтын кардарлары менен россиялык ишкерлердин ортосунда бизнес түзүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты колдоо жана жардам көрсөтүү максаттарында, “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы М.К.Акимов 18.04.2017ж. Банктын Башкы кеңсесинде жолугушууну уюштурду. Жолугушууга 35 компаниянын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө “МилаМ” компаниясы модулдуу мал союу цехтеринин бетачарын өткөрдү. Кардарларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди. Жолугушууда ошондой эле жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдүн продукциясын Россия Федерациясына сатуу маселелери талкууланды.

 

 

 

← Тизме боюнча артка