Фермерлерге жаңы айыл чарба техникасынын тапшыруу аземи болуп өттү

25.04.2017

Бул иш чарага КРдин биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев, “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов, Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Беларусиянын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко, фермерлер, жайыт комитеттердин, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин сөзү боюнча: “Фермерлерди жаңы техника менен жабдуу максатында, узак мөөнөткө жана төмөнкү пайыздык чен менен лизингди уюштуруу үчүн Айыл Банкка 800 млн. сом бөлүнүп берилди. 2016-жылдын ичинде фермерлерге жана дыйкандарга 259 айыл чарба техникасы лизингге берилди. 2011-жылдан баштап, “Айыл чарбаны каржылоо” долбоордун алкагында фермерлер эки миңден ашык ар кандай айыл чарба техникасын лизингге алышты. Айыл чарбаны техникалык жагынан мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинде дайыма алгачкы маселе болуп турат”, – деп ал ишендирип кетти.

Иш чаранын жүрүшүндө 19 айыл чарба өндүрүүчүгө 21 ар кандай айыл чарба техникасы тапшырылды. Анын ичинде жылдык 6 пайыз менен 10 жылдык төлөп берүү мөөнөтү менен 5 дан жыйноочу комбайн, жалдык 9 пайыз менен 7 жылдык төлөп берүү мөөнөтү менен 16 трактор жана башка айыл чарба техникасы.

Аскарбек Исмаилов – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Улук” фермердик чарбанын өкүлү – ушул эсте калуучу күнү лизингге 2 тракторду алды. Лизингдин шарттары боюнча ал негизги сумманы жылына 2 жолу жана пайыздарды квартал сайын төлөп турат. Анын сөзү боюнча бул шарттар жана пайыздык чен ага ылайык, ошондуктан ал 2 техниканы алууну чечти. Жана төлөп берүүдөн кыйналбайт деп ишенет.

Айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн 20 миллион өлчөмдөгү каражаттарды Евразиялык өнүктүрүү банкы бөлүп берди. 2017-жылдын ичинде 250 техниканын берилиши пландаштырылууда.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов “Автомаш-Радиатор” ЖЧКнын өкүлдөрүнө үзүрлүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, жана 2017-жылдын 16-апрелинде Айыл Банк Каракол шаарында уюштурган “Ысык-Көл Агро - 2017” 1-форумуна жана көргөзмө-жарманкесине “Автомаш-Радиатор” ЖЧК активдүү катышканын белгилеп кетти. Ошондой эле “Ысык-Көл Агро - 2017” көргөзмө-жарманкесине катышуусу үчүн ишкананын жетекчиси Черных Анатолийге Дипломду тапшырды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 “Автомаш-Радиатор” ЖЧКнын башкы директору Черных Анатолий ушундай иш чаралардын зор маанисин белгилеп жана “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимовго төмөнкү текст менен Алкыш катты тапшырды: “Ак ниеттүү жана көп жылдык кызматташуу, шериктештик жана милдеттенмелерди өз убагында аткаргандыгы үчүн Сизге ыраазычылык билдиребиз. Биринчи жолу өткөрүлүп жаткан “Ысык-Көл Агро - 2017” Агро Форумду жогору баалап, иш чаранын эң жогорку даярдыгын, оюн-зоок программасын жана фермерлердин көргөзмөгө болгон кызыкчылыгын белгилеп кеткибиз келет. Ушул иш чара салт болуп калат жана дайыма өткөрүлүп турат деп ишенебиз. Сиздерге ийгилик, экономикалык жана финансылык сак-саламаттык, Республикабыздын жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн өз ара эмгектенүүнү калайбыз!”

 

 

← Тизме боюнча артка