Конституция күнү менен!

05.05.2017

    Бүгүн Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекетибиздин башкы майрамы – Конституция күнүн майрамдап жатышат. 24 жыл мурда 1993-жылдын 5-май күнү, эл ичинде“легендарлуу парламент”деп аталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өлкөбүздүн Негизги мыйзамын кабыл алган. Ошол мезгилде өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн бул кадам абдан маанилүү болгон. Ошондон бери өлкөбүз жаңы коомду куруунун татаал жолун басып өтүп, башынан эки революцияны өткөрдү.

Урматтуу мекендештер, Сиздерди чын жүрөктөн Конституция күнү менен куттуктайбыз! Сиздерге чын ден соолук, бакыт-таалай, бейпилчилик жана молчулук каалайбыз! Жаркыраган майрам элибизге - биримдик, Кыргызстанга - тынчтык, туруктуулук жана ийгилик алып келсин!

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка