Улуу жана Ыйык Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

09.05.2017

  Сиздерди Улуу жана Ыйык Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ар бир элдин унутулгус күндөру бар, биз үчүн бул Жеңиш күнү. 1945-жылдын май айынан тартып канча убакыт өтпөсүн, бул жамандыкты жана зордукту жеңген күн эч качан эстен кетпейт. Жерибиздин жана элибиздин эркиндиги үчүн өзүнүн өмүрүн берген жоокерлер элдин жүрөгүндө дайыма сакталат.

Ушул каардуу жана ыйык күндөр алыстаган сайын Улуу Жеңиштин глобалдуу мааниси элдин жүрөгүндө кала берет.

Бүгүнкү күнү курман болгон жоокерлерди урматтап эстейбиз. Ветерандарга жана оорукта иштегендерге жасаган эмгеги үчүн таазим кылабыз. Үйүңүздөрдө дайыма тынчтык жана ийгилик болсун. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чын ден соолук жана бакубат жашоо каалайбыз!

 

← Тизме боюнча артка