Жениш майрамына карата салтанатуу кече!

08.05.2017

7-май күнү Айыл Банктын башкы кеңсесинин өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарына жана оорукта иштегендерге арналган салтанаттуу куттуктоо аземине катышты.   Бул иш чара Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарынын жана оорукта иштегендердин Коомдук Бирикмеси тарабынан уюштурулду, бул бирикме 20 жылдан бери согуш ветерендарын, оорукта иштегендердин жана блокадниктердин  колдоо маселелерин көздөйт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Былтыр Айыл Банк 50 ветеранга материалдык (финансылык жана тамак-аш баштыгы) жардам көрсөткөнүн белгилеп кетүү керек.   Быйыл болсо банктын өкүлдөрү ушул иш чарага финансылык жардам көрсөтүүнү чечти. Салтанатка Республикабыздын бардык аймактарынан  200гө жакын ветеран чакырылды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Ошондой эле Айыл Банктын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ветерандарды Жеңиш майрамы менен куттуктап,  материалдык жардамды көрсөткөнүн белгилеп кетүү зарыл.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка