“Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгы Ош облусунун табигый кырсыктан жабыр тарткан зайымчылар алган насыялардын түзүмүн өзгөртүү жана мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди кабыл алды

31.05.2017

Айыл Банктын башчысы зайымчылар алган насыялардын түзүмүн өзгөртүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө Банк чечимди кабыл алганы жөнүндө билдирди. Мындан тышкары, Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында жашаган 4 зайымчынын насыяларын толук эсептен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Эсептен чыгарып салынган насыя береселердин жалпы суммасы 824 миң сом түздү. Бул сумманы Банк чыгашаларга киргизет. Бул чечим Айыл Банктын башчысы жабыр тарткан райондорго барып жана Банктын зайымчылары менен жолуккандан кийин кабыл алынды.

“Ошону менен бирге “Айыл Банк” ААКтын кызматкерлери табигый кырсыктан жабыр тарткан Ош облусунун тургундарына 822 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын чогултту. Ушул акчанын 200 миң сому февраль айында кар көчкүдөн жабыр тарткан зайымчыга берилсин деп чечилди. Калган сумма банктын жабыр тарткан зайымчыларына бөлүнүп берилет. Азыркы учурда банк жамааты ушул каражаттар кандай түрдө берилерин чечип жатат”,- деп Мурат Акимов айтып кетти.

 

Пресс-конференцияга ошондой эле “РСК Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Азизбек Оморкулов катышты, ал Ош облусунун табигый кырсыктын натыйжасында жабыр тарткан зайымчылар менен иш жүргүзүлүп жатканы жөнүндө билдирди.
 

 

← Тизме боюнча артка