“Айыл Банк” ААК ачык аянттагы бир катар концерттердин спонсору

26.05.2017

26-майдан баштап жума сайын Бишкек мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл топтору, ошондой эле кыргыз эстрадасынын жылдыздары борбор шаарыбыздын тургундары жана коноктору үчүн концерт коюшат. Анда алар ыр ырдап, ар кандай музыкалык аспаптарда ойношот.

Музыкалык кечелердин графиги:

26.05.2017- Духовой оркестрдин кечеси

02.06.2017- Джаз музыканын кечеси (“Аура” тобу)

09.06.2017- Классикалык музыка кечеси

16.06.2017- Классикалык музыка кечеси

23.06.2017- Эстрада жылдыздарынын катышуусу менен Бишкек шаарынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун концерти.

30.06.2017- 23.06.2017- Эстрада жылдыздарынын катышуусу менен Бишкек шаарынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун концерти.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы жана “Айыл Банк” ААК сиздерди концертке чакырат.


 

← Тизме боюнча артка