“Айыл чарбаны каржылоо - 5” мамлекеттик программасынын ишке ашырылуусу жөнүндө маалымат

28.06.2017

       Бул Токтом чыккандан кийин, Банк менен КРдин Финансы министрлиги жана КРдин Экономика министрлигинин ортосунда, “АЧК-5” долбоору боюнча субсидияларды берүү жөнүндө үч тараптуу макулдашууга кол коюлду. Ушул макулдашууга ылайык берилген субсидияланган насыялардын суммасы 1,0 млрд. сомду түздү, бирок 2017-жылдын 13-июнунда Жогорку Кеңештин комитети Банкка кошумча 1,5 млрд. сомду бөлүп берди, ошондуктан субсидияланган насыялардын жалпы суммасы жылдын аягына чейин 2,5 млрд. сомду түзөт.

2017-жылдын 28-июнуна карата “Айыл Банк” ААК төмөндөгүдөй субсидияланган насыяларды берди:

Мал чарбачылыкка:

 

Берилди

 
 

Сумма, миң сом

Саны

Бардыгы Банк боюнча:

893 568

2 098

Дыйканчылыкка:

 

Берилди

 

 

Сумма, миң сом

Саны

Бардыгы Банк боюнча:

203 198

589

Агро кайра иштетүүгө:

 

Берилди

 
 

Сумма, миң сом

Саны

Бардыгы Банк боюнча:

222 665

81

Бардыгы банк тарабынан берилди:

 

Берилди

 
 

Сумма, миң сом

Саны

Бардыгы Банк боюнча:

1 319 431

2 768

2017-жылдын 23-майында КРдин Премьер-министри 2017-жылдын 23-июнуна чейин “АЧК-5” мамлекеттик программасы боюнча насыялоонун көлөмдөрүн былтыркы көрсөткүчтөргө жеткирүүгө тапшырма берди. 2016-жылдын 23-июнуна чейин берилген насыялардын суммасы 1 175 млн. сомду түздү, быйыл ушул мезгилдин ичинде 1 272 млн. сомго насыялар берилди. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу “Айыл Банк” ААК КРдин Премьер-министрдин тапшырмасын аткарды.

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка