2-июль күнү “Айыл Банк” ААКтын туулган күнү

02.07.2017

Ошол жылдан тартып, биринчи КАКК, андан кийин Айыл Банк болуп аталган каржы мекеме Республика боюнча көптөгөн социалдык долбоорлорду, ошондой эле жеңилдетилген жана субсидияланган насыялоо тармагындагы мамлекеттик программаларды ишке ашырып келет. Бүгүнкү күнгө чейин Банк агросекторду насыялоо боюнча жана агротехниканы жана жабдууларды лизингге берүү боюнча банк системасында баштоочу болуп саналат. Биз “Береке” акча которуулар системасын иштеп чыгып, ийгиликтүү ишке ашырдык. Ушул система аркылуу биздин Банк жана Кыргыз Республикасынын көптөгөн коммерциялык банктары Кыргызстан боюнча акча которууларды жүргүзөт. Мындан тышкары, биз “Элкарт” Улуттук төлөм картасын чыгаруу жана тейлөө боюнча баштоочулардан болуп саналабыз.

Бүгүнкү күнгө Банк көрсөткөн тейлөө кызматтардын кеңири түрлөрү менен өлкөбүздүн, анын ичинде алыскы аймактардын жөнөкөй фермерлери, ошондой эле ар кайсы тармактардын алдыңкы ишканалары колдонушат, биз аларды көп жылдан бери урматтап жана баалап келебиз. Республикабыздын ири финансы-насыялык уюмдары менен өз ара пайдалуу жана конструктивдүү кызматташуу жөнгө салынган.

Кеңири филиалдык тармагына ээ болгон банк, кардарларды тейлөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылып, заманбап технологияларды жана менеджменттин стандарттарын ишке ашырып келет. Биз өлкөбүздүн финансы тармагында туруктуу позицияны ээлейбиз жана келечекке оптимизм жана ишенич менен карайбыз.

 

Урматтуу кесиптештер, шериктештер жана кардарлар Сиздерди чын жүрөктөн Банкыбыздын туулган күнү менен куттуктайбыз!


 

 

 

← Тизме боюнча артка