"Айыл Банк" ААК Facebook, Instagram социалдык тармактарында конкурс жарыялайт

06.07.2017

Быйыл биздин Банк 21 жашка толот!

Ошондуктан Банктын туулган күнүнө карата өзгөчө куттуктоо боюнча конкурс жарыяланат.

Конкурстун шарттары абдан жөнөкөй:

1. “Айыл Банк” баракчасынын жазылуучусу болуу.

2. Ушул постун комментарийлерине # Айыл Банк 21 жыл хештэги менен куттуктооңузду басып чыгарыңыз (сүрөт, видео, куттуктоо ж.б.).

3. Өзүңүздүн баракчаңызда ушул публикация менен бөлүшүңүз, бул публикация баарына жеткиликтүү болушун текшериңиз.

4. Баракчабыздын төмөнкү шилтемеси боюнча “Жагат” деген белгини коюңуз.

 

1-орун - 3000 сом суммасына депозиттик эсепти ачуу;

2-орун - 2000 сом суммасына депозиттик эсепти ачуу;

3-орун - 1000 сом суммасына депозиттик эсепти ачуу.

Мындан тышкары конкурстун 10 катышуучусу сувенир түрүндөгү байгеге ээ болушат.

 

Куттуктоолор 30 июлга чейин кабыл алынат. Жыйынтыктар 3 жумушчу күндүн ичинде чыгарылат. Куттуктоонун өзгөчөлүгү, кызыктуулугу эске алынат.

Жеңүүчүлөрдү Банк Башкармалыгынын мүчөлөрүнөн турган комиссия аныктайт.

Эскертүү:

*Конкурска 18 жаштан жогору, конкурс өткөрүлүп жаткан мезгилде Кыргызстанда болгон жарандар гана катыша алат. Сиздин аккаунтуңуз жеке, ачык болушу керек, жана анда Сиздин бетиңиз көрүнгөн жок дегенде 1 сүрөт болушу зарыл.


 

← Тизме боюнча артка