“Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү Business Club INFOX алкагында өткөрүлгөн бизнес-жолугушууга катышышты

12.07.2017

Кеченин коноктору курулуш материалдардын ата-мекендик өндүрүүчүлөрү, интерьердин дизайнерлери, бизнес-түзүмдөрдүн, банк тармагынын өкүлдөрү ж.б. болушту.

Ушул жолугушуунун максаты – ар кайсы иш чөйрөлөрүндө жаңы шериктештерди табуу, кызматташуу жөнүндө маселелерди талкуулоо.

Жолугушуунун жүрүшүндө Гульчехра Камчибекова бизнесмендерге Банктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди, кызматташууга үндөп, бизнести өнүктүрүү үчүн Банктын көптөгөн продуктылары жөнүндө маалымат берди.

Өткөрүлгөн иш чаралардын негизги аспектисинин бири болуп презентация саналат, бул иш чарада дагы Испаниядан келген коноктор “Colorker испан керамикасы” темасына презентацияны сунуш кылышты.

 

Мындан тышкары көптөгөн утуштар болду жана Айыл Банк үч жеңүүчүгө байге тапшырды (Банктын сувенир продукциясы).

Business Club INFOX – бул, ишкер байланыштарды бекемдетүү жана шериктештерди табуу үчүн аянт, бул жерде коноктор жогорку кесиптик чөйрөсүндө өзүнүн тажрыйбасы жана ийгиликтери менен бөлүшүшөт. Бул жерден ар бир бизнесмен өзүнө керектүү нерселерди табат.

Business Club INFOX өзүнүн активдүү ишин, INFOX*1200 Маалыматтык борборунун базасында, 2006-жылы өнүктүрүп баштаган. Бүгүнкү күнгө Business Club INFOX 2000 алдыңкы ата-мекендик жана чет өлкөлүк компанияларды бир маалыматтык мейкиндикке бириктирди.

 

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка