“Береке” электрондук капчыгы аркылуу финансыларды башкаруу жеңил

05.09.2017

Бул иш чара Банктын жамаатынын узакка созулган ишине жыйынтык чыгарып, Кыргызстандын бардык аймактарына,  алыскы региондорду кошо, “Береке” электрондук капчыгын таратууга старт берди. Анткени Банк  180 ашуун түйүндөн турган эң кеңири регионалдык тармакка ээ.

Иш чара бардык түйүндөрдө бир убакта саат 10 до башталды. Аларда  Банктын Башкармасынын башында Төрагасы Мурат Акимов турган бардык мүчөлөрү, региондордогу филиалдардын башкаруучулары жана Банктын кызматкерлери катышты. Бишкекте алып баруучулар болуп “Жарайт Сити” мыскыл жана тамаша сериалынын популярдуу артисттери чыгышты.

Бет ачардын учурунда кызматкерлер “Береке” электрондук капчыгы, анын мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө айтып беришти, байгелер ойнотулду, викторина өткөрүлдү, ошондой эле каалоочулар турган жеринде эле өз электрондук капчыктарын каттоодон өткөрүштү. Белгилей кетүүчү жагдай, Бишкекте гана бир күндүн ичинде 650 гө жакын адам каттоодон өтүүгө үлгүрүштү жана капчыктарды толтуруу 58 миң сомдон ашык суммага жүргүзүлдү.

Мурат Акимовдун сөзү боюнча: “Айыл Банктын” электрондук капчыгы төлөмдөрдү жана акча которууларды  жүргүзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү гана кеңейтпестен,  алып айтканда алыскы райондордун калкын инновациялык кызматтарга тартып, алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Финансылык сабаттуулукту жойуу менен, айрыкча өсүп келе жаткан муундун, биз өлкөбүздүн келечектеги өсүшүнө чоң салым кошкон болобуз”.

“Береке” капчыгынын артыкчылыктары:

  • Ишенимдүүлүк: “Береке” электрондук капчыгы акцияларынын 100% мамлекетке таандык болгон Айыл Банктын продуктысы болуп эсептелет. Ошентип,  “Береке” капчыгынын ишенимдүүлүгү мамлекеттик банк менен кепилденген.
  • Кеңири мүмкүнчүлүктөр: “Береке” капчыгы 24/7 режиминде банктык кызматтардын жана башка төлөм лперацияларынын кеңири түрлөрүн көрсөтөт.
  • Ылдамдык:  Которуулар жана төлөмдөр онлайн режиминде, бир нече секунд ичинде жүргүзүлөт.
  • Жеткиликтүүлүк жана ыңгайлуулук:  “Береке” капчыгын толуктуу 1500 дөн ашуун “Мобильник” жана “Айыл Банк” ААКу терминалдарында, ошондой эле “Айыл Банк” ААКунун бардык офистеринде жеткиликтүү. Накталай алууну дагы Банктын 180 ден ашуун түйүндөрүндө жүргүзүүгө болот.
  • Акысыз тейлөө: Бардык пайдалануучулар үчүн негизги төлөм операциялары, ошондой эле “Береке” капчыгын толуктоо, насыяны жабуу жана башка кызматтар толугу менен АКЫСЫЗ.
  • Каттоонун жөнөкөйлүгү:  “Береке” капчыгын мобилдик телефондун номурунун жардамы менен болгону бир нече кадам аркылуу гана түзүүгө болот:
  1. bereke.ab.kg сайтында же  «Береке» тиркемесине өзүнүн мобилдик телефонунун номурун киргизүү ( алдын ала Play Маркет/OIS тен көчүрүп алгыла ) .
  2. SMSаркылуу алынган купуя кодду киргизгиле.
  3. Жаңы паролду ойлоп таап капчык менен пайдалана баштагыла.

 

← Тизме боюнча артка