5 –сентябрда бүткүл өлкө боюнча , анын ичинде Сокулук райондук администрациясынын чоң залында “Береке” электрондук капчыгынын бет ачары болуп өттү

07.09.2017

Буга чейин бир нече жолу белгиленгендей, 5 –сентябрда бүткүл өлкө боюнча , анын ичинде Сокулук райондук администрациясынын чоң залында акимдин, акимдин орун басарларынын Сокулук районунун бардык 20 айыл өкмөтүнүн башчыларынын жана райондун МСКБ, ӨКМ, Кыргыз почта, Мамрегистр, ИИБ,РайСоцфонд, СОЦ коргоо, РайОНО, жергиликтүү ЖМК сыяктуу  бардык кызматтарынын жана башкармалыктарынын катышуусу менен “Айыл Банк” ААКунун жаңы продуктысы “Береке” электрондук капчыгынын бет ачары болуп өттү.

Бул иш чара Сокулук районунун акими Болот Саткеевдин колдоосу менен өтүп, райондун ведомстволорунун бардык жетекчилеринин өзгөчө көңүл буруусун жаратып, “Береке” электрондук капчыгына өзгөчө статус жана маани берди.

Бет ачар башталардын алдында райондун акими Болот Саткеев катышып жаткан бардык жетекчилерге “Айыл Банк” ААКунун Сокулук филиалынын башкаруучусу  Жаслан Алимхановду тааныштырып, Электрондук капчыктын бет ачарынын маанисин кыскача түшүндүрдү.Өз кезегинде Жаслан Алимханов жаңы продуктынын маңызын, автоматтыштыруу доорунда абдан зарыл болуп жаткан анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана артыкчылыктарын талдап түшүндүрүп берди. Мындан тышкары, Банктын филиалынын жетекчиси аудиторияга келечекте ЭК райондун ведомстволорунун өзүнө болгон артыкчылыктарын түшүндүрдү, мисалы, салыктарды, электроэнергия үчүн, соц. төлөмдөр жана башка көптөгөн кызматтары үчүн төлөөдө эгер ушул “Береке” продуктысы райондун калкынын көпчүлүк бөлүгүн камтый турган болсо,  райондун алыскы райондорунун жашоочулары менен кеңири мобилдүү контакт түзө тургандыгын айтты.

Өзгөчө көңүл райондун жашоочулары, ЭК потенциалдуу пайдалануучулары  үчүн анын артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн бөлүндү, бул күнүмдүк турмушта убакытты жана каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, анткени пайдалануучуларга салыктарды жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле ТЖКЧ, ТВ , мобилдик байланыштын башка кызматтарынө төлөө үчүн райборборго баруунун кажети жок. Жана өзгөчө маанилүүсү, Банктын кардарларына Айыл Банктын насыяларын төлөөдө “Береке” ЭК пайдаланып, бул үчүн райборборго баруунун кереги жок болот. Айылдардын жашоочуларынын көпчүлүгү Айыл банктан  насыяларды алышат  жана “Берекенин” акча каражаттарын которууларын пайдаланышаарын эске алганда, ЭК республика боюнча калктын турмушун сезилерлик жеңилдетет.

Залда катышып отургандар ЭК артыкчылыгына баа беришти жана жаңы продуктыны алдыга жылдырууда  жер-жерлерде колдоо сөздөрүн айтышып, жардам берерин билдиришти.

Бет ачардын жүрүшүндө банктын кызматкерлери тарабынан иш жүзүндө ЭК орнотуунун, каттоодон өткөрүүнүн жана андан ары пайдалануунун ыкмалары көрсөтүлдү жана андан кийин  20 га жакын пайдалануучулар каттоодон өттү, ошондой эле ЭК боюнча рекламалык буклеттер таратылды.

Өз тарабынан филиалдын башкаруучусу райондун бардык жетекчилерин катышкандыгы үчүн рахмат айтып, Сокулук райоунун акимине , эки орун басарына жана РайОНО го колдоо көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Бүгүнкү күндө “Айыл Банк” ААКунун Сокулук филиалы  райондук мамлекеттик администрация жана райондун башка структуралары жана алардын жетекчилери менен тыгыз иштешет, бул банктын айлык акы долбоорлору, овердрафттар, пенсиялык жана социалдык карталар сыяктуу башка продуктыларын алдыга жылдырууну жеңилдетет.

“Береке” электрондук капчыгынынын ушундай бет ачары  Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Камчыбековдун жетекчилиги менен 7 –сентябрда бардык  орто мектептер жана бала бакчалары үчүн өткөрүлүп, байгелер ойнотулду.  

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка