“Береке” өлкө ичинде кадамдайт

06.09.2017

Беловодский филиалы

5-сентябрда  “Айыл –Банк” ААКунун  “Элкарт” айлык акы долбоору боюнча Беловодский филиалынын ири кардарлардын бири болгон Москва районунун аймактык оорунканасында болуп өттү. Иш чарага 120 ашуун медиктер, ошондой эле ооруканага келгендер катышты. Бет ачардын жүрүшүндө “Берекенин” тиркемесинен дароо эле 15 адам пайдаланышты. Байгелерди утуп алган 5 медициналык кызматкерге электрондук капчыктарына 100 сомдон которулду.

 

Кийинки күнү 6-сентябрда бет ачар бардык бюджеттик уюмдары “Айыл-Банкта” тейленүүчү Москва районундагы эң бай айыл болгон Александровка айылынын клубунда болуп өттү. Бул айылда 5 мектеп, бир оорукана бар. Бет ачардын жүрүшүндө эле Александровканын  айыл башкармалыгынын өз жамаатын тейлөө боюнча келишим түзүлдү.

Бет ачардын жүрүшүндө Беловодский филиалынын Башкаруучусу Канатбек Арисов  “Береке” электрондук капчыгынын башка комбанктарынын электрондук капчыктарынан айырмачылыгы тууралуу айтып берди.   Иш жүзүндө каттоодон өтүү, балансты толтуруу процессин көрсөтүштү.

 Карабалта филиалы

Бул жерде бет ачар эки жерде: филиалдын өзүндө жана Кайыңдыдагы сактык кассасында өткөрүлдү. Карабалта жана Кайыңды шаарларынын активисттери, прогрессивдүү жаштар, Соцфонддун, Соцкоргоонун МСКБнын, ГААЖ, Мамрегистрдин, паспорттук столдун кызматкерлери, Жайыл районунун акими, акимдин орун басары, Банктын зайымчылары чакырылды. Бет ачар достук маанайда, тамаша жана викториналар менен коштолду. Филиалдын кызматкерлери тарабынан акысыз Wi-Fi   камсыз кылынып, жана дароо эле «Береке” электрондук капчыгын каттоо жүргүзүлдү.

 

 

 

← Тизме боюнча артка