Ат-Башыда "Айыл Банк" ААКунун регионалдык бөлүнүшүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду

13.09.2017

Ачылыш аземинде “Айыл Банк” ААкунун Башкармасынын Төрагасы Мурат Акимов, Ат-Башы районунун  акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева, райондук структуралардын өкүлдөрү, Банктын кардарлары катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө “Айыл Банктын башчысы Ат-Башы регионалдык өкүлчүлүгүнүн мурдагы имараты  тээ алыскы 1961 –жылы курулгандыгын эске салып кетти. Анда ошол учурда Кыргыз ССР нин Мам.банкы , кийин Агропромбанк  жайгашкан. Кыртыш сууларынын жогорку деңгээлине байланыштуу  имараттын дубалдарында жыл өткөн сайын терең жаракалар пайда болуп, аны мындан ары пайдалануу кооптуу боло баштаган. Имаратты ремонт кылууга болбой калган, деп кошумчалады Мурат Акимов .

Айыл Банктын жетекчилиги  жаңы имараттын курулушуна демилгечи болуп, ал курулуш 2016 –жылдын күзүндө башталган. Аба ырайынын шарттарына байланыштуу  кыш мезгилинде курулуш иштери май айына чейин убактылуу токтотулуп , андан кийин кайра башталган жана бүгүн биз зор кубаныч менен Ат–Башынын , бүтүндөй эле райондун  жашоочулары үчүн биздин өкүлчүлүктүн эшигин ачып жатабыз”.

Жаңы имараттын ачылышы –бул калкты регионалдык өнүктүрүү боюнча банктын стратегиясын ишке ашыруунун кезектеги кадамы, деп баса көрсөттү Мурат Акимов . Бул жерде  Ат-Башынын калкы жаңы, ыңгайлуу шарттарда банктык кызматтардын бардык спектрин ала алышат. Ошону менен бул офистин ачылышы менен Банктын ушул региондогу экономикалык эффективдүүлүгүн жогорулатат деп ишенемин.  Биздин кардарларды жана шериктерди бизге ишенгендиктери үчүн ырахмат айткым келет, ал эми жамаатка биздин Банктын кардарларынын бейпилдиги үчүн жемиштүү иштөөнү каалап кетеминдеп аяктады Айыл-Банктын жетекчиси.

Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө , анын жашоочуларынын байгер жашоосун жакшыртууга  Айыл –Банктык Ат-Башы регионалдык бөлүнүшүнүн  киргизген чоң салымын белгиледи. Бекеринен 2016-жылдын жыйынтыктары боюнча Айыл-Банктын регионалдык менеджери Рустам Айылчиев  раймамадминистрациянын версиясы боюнча райондун мыкты банк кызматкери  деп табылган эмес.

Өзүнүн куттуктоо сөзүнүн акырында  регионалдык менеджер Рустам Айылчиевге жана бөлүнүштүн насыяларды башкаруу боюнча башкы адис Медетбек Таабалдиевге Ардак грамоталарын тапшырды.

Тасманы символикалык кесүүдөн кийин меймандарга  жаңы офис боюнча экскурсия уюштурулду. Азыркы учурда имарат КР дин КЧжЭ ( курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин)  бардык зарыл болгон стандарттарына  шайкеш келет.

Имараттын ичинде насыялоо секторунун, насыялык администирлөөнүн  кабинеттери жана эки кассалык түйүнү менен операциялык зал  жайгашкан.

КР ИИМинин МАККББ ( КР ИИМинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы) бардык талаптарына жооп берген сактоочу жай бар.

Имараттын өзү периметри боюнча жана ичи толук бойдон видеокамералар менен жабдылган.

Жалпы пайдалуу аянты келечекте зарылдыгына жараша экинчи кабатты куруу мүмкүндүгү менен болжол менен 160 м.кв. , дубалдары периметри боюнча монолиттик  кошулмалар менен күчтөндүрүлгөн.

Нарын филиалынын башкаруучусу Жаркын Таштанова  жаңы офисте жаңы ийгиликтер болуп, Ат-Башы өкүлчүлүгүнүн  жамааты  жетекчиликтин жана Айыл Банктын бардык көп сандаган жамаатынын жана эң башкысы, Банктын кардарларынын үмүттөрүн  актайт деген ишенимди билдирди.

Маалымат үчүн: бүгүнкү күндө Айыл Банктын регионалдык тармагы  32 филиалды, 70 сактык  кассасын жана 32 көчмө кассаны, 20 регионалдык бөлүнүштөрдү жана  кардарларга кеңеш берүү жана документтерди кабыл алуу  боюнча иш жүргүзгөн  “чакан-офистер” деп аталуучу 30 офисти камтыйт.

 

← Тизме боюнча артка