“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасынын алкагында ипотекалык насыяларга пайыздык чендер төмөндөдү

29.09.2017

2017-жылдын 1-октябрынан тартып “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасынын алкагында ипотекалык насыяларга пайыздык чендер төмөндөдү:

Турак үйдү сатып алуу, анын ичинде үлүштүк курулушка катышуу:

- зайымчынын жеке салымы сатып алынган кыймылсыз мүлктүн наркынан 30% өлчөмдө болгон учурда, жылдык 10%дан 8%га чейин;

- зайымчынын жеке салымы сатып алынган кыймылсыз мүлктүн наркынан 20%дан 29,9%га чейинки өлчөмдө болгон учурда, жылдык 11%дан 9%га чейин;;

- зайымчынын жеке салымы сатып алынган кыймылсыз мүлктүн наркынан 10%дан 19,9%га чейинки өлчөмдө болгон учурда, жылдык 12%дан 10%га чейин.

   Жеке турак жайды куруу:

- жылдык 14%дан 12%га чейин - зайымчынын жеке салымы 20%дан кем эмес өлчөмдө болгон учурда, куруу мезгилине;

- жылдык 10%дан 8%га чейин – куруп бүткөндөн кийин.

Пайыздык чендердин төмөндөтүүсү жаңы берилген насыяларга жана бардык учурдагы насыяларга жайылат.

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка