“Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү кыргыз делегациясынын курамында Өзбекстан Республикасына иш сапар менен барып келишти

28.09.2017

“Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөсү Нурлан Мамытов жана Насыялоо башкармалыгынын Лизинг бөлүмүнүн башчысы Урмат Акматов кыргыз делегациясынын курамында, Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода министри Элер Ганиевдин жолугушуусуна катышты, бул жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында Ташкент шаарында болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишкен макулдашууларды ишке ашыруунун практикалык аспектилерин талкуулашты жана жакынкы арада боло турган кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөр боюнча ой-пикирлери менен алмашышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстан Республикасына боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында, тараптар биргелешкен кыргыз-өзбек бизнес-форумун жана Ташкент шаарындагы Кыргызстан жана Өзбекстан товар өндүрүүчүлөрүнүн көргөзмөсүн өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары тараптар биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча макулдашууларга жетишти, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча практикалык кадамдарды талкуулашты.

27-сентябрь күнү кыргыз делегациясы эки жолугушууну өткөрдү: Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Төрагасы А.Икрамов менен жана Өзбекстан Республикасынын Инновациялар боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы А.Ахмеджаев менен.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча КРдин Өкмөтүнүн колдоосунун астында жеңилдетилген шарттарында, “Айыл Банк” каржылаган лизинг долбоорлору аркылуу КРди айыл чарба техникасы менен жабдуу боюнча макулдашуу түзүлдү. Мындан тышкары, КРдин Айыл чарба, кайра иштетүүчү өнөр жай жана мелиорация министри менен ӨРдин Айыл чарба жана суу чарба министрдин ортосунда Өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбооруна ылайык, пахтанын уруктарын, мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн жана жүзүмдүн көчөттөрүн жеткирүү “Айыл Банк” ААКтын насыя продуктылары аркылуу жүргүзүлөт деп аныкталды.

 

 

← Тизме боюнча артка