“Айыл Банк” ААК Эл аралык карылар күнүнө карата спонсордук жардам көрсөттү

02.10.2017

 Алар Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан келген 80 адамга майрамдык дасторкон уюштуруп, акчалай сыйлыктарды тапшырды.

“Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин, Башкармалыгынын жана жамаатынын атынан Банктын пресс-катчысы Тамара Валиева улгайган адамдарга таазим кылып, узун өмүр жана чың ден соолук каалап кетти. “Айыл Банк улгайган адамдарга жардам көрсөтүү маселелерин дайыма көзөмөлгө алып турат. Бүгүн дагы ушул иш чарага колдоо көрсөтүүнү чечтик жана келечекте дагы дайыма жардам көрсөтүп турабыз,” – деп кошумчалап айтып кетти.

 

← Тизме боюнча артка