“Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү “Кант кызылчасы - 2017” темасына кеңири масштабда өткөрүлгөн Талаачылык күнүнө катышты

29.09.2017

Иш чарага кант кызылчасын өстүргөн 200дөн ашык фермер катышты. Мындан тышкары бул иш чарага Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү, ЖМКнын, “Каинды-Кант” ААКтын, GIZтин (Эл аралык кызматташтыктын Герман коому), KWSтин (Үрөндөрдү өндүрүү боюнча селекциялык компания) өкүлдөрү, “К.О. Стандарт Агросервис” (“Amazone”, “Grimme”, “CLAAS”) техниканын жабдып туруучулары, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана жер семирткичтери менен жабдып туруучулар, финансы институттары жана консультация берүүчү кызматтар катышышты.

Иш чарага карата “Айыл Банк” өзүнчө Маалыматтык стендди уюштурду, анда Банктын кызматкерлери кант кызылчасынын өндүрүүчүлөрүнө айыл чарбаны ийгиликтүү жүргүзүү үчүн өзүнүн продуктыларын жана кызматтарын көрсөтүүгө жана кардарлар менен сүйлөшүүлөрдү уюштурууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мисалы, Төлөм тутумдар башкармалыгынын башкы адиси Сыяда Жаналиева конокторго Айыл Банктын жаңы продуктысы – “Береке” Электрондук Капчыгы жөнүндө айтып берди, бул капчык өндүрүүчүлөрдүн, жабдып туруучулардын жана кардарлардын ортосундагы эсептешүүлөрдү абдан жеңилдетет.
Насыялоо башкармалыгынын Лизинг бөлүмүнүн адиси Миралы Кенешев Банктын лизинг продуктылары жөнүндө толук маалымат берип жатат: Айыл Банк аркылуу кандай техниканы жана кайсы шарттарда сатып алса болот. Айтмакчы, Талаачылык күнүнө карата коюлган техниканын баары Айыл Банк аркылуу сатып алынган.

“Айыл Банк” ААКтын Сокулук филиалынын Насыялоо бөлүмүнүн адиси Эрмат Сулайманов конокторго Айыл Банктын насыя продуктылары жөнүндө айтып жатат.

Ушул иш чаранын уюштуруучулары - «TES-борбор: окутуу жана кеңеш берүү тутуму»

 

← Тизме боюнча артка