II – Форум жана «Ош Агро– 2017» көргөзмө – жармаңкеси 5-октябрь күнү болот

01.10.2017

 Форумдун алкагында обладминистрациянын имаратында Тегерек стол өткөрүлөт, анда келген конокторго “Айыл Банк” ААКтын насыя жана лизинг продуктылары, “Азра-Фрукты” ЖЧКнын алманын жаңы сортторун өстүрүүнүн инновациялык технологиялары, “Жашыл чарба” ЖЧКнын, Колакс компаниясынын күнөсканалары жана “Delaval» ЖЧШнын саан аппараттарынын ар кандай моделдери презентацияланат.

Мындан тышкары, көргөзмө – жармаңкесинде төмөнкү компаниялардын экспозициялары көрсөтүлөт:

- “Автомаш-Радиатор” ЖЧК;

- “Трактор” ЖЧК;

- “Агротурк” ЖЧК ;

- “Евразия Групп” ЖЧК ;

- “Агросервис” ЖЧК;

- “YTO International” ЖЧК;

- “Аталык Групп” ЖАК;

- “Delaval» ЖЧШ;

- «Колакс» компаниясы;

Бул ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчү-компаниялар, айыл чарба техникасынын, күнөсканалардын жана көчөттөрдүн жабдып туруучулары.

II – Форумга жана «Ош Агро– 2017» көргөзмө – жармаңкесине катышууга чакырабыз.

 

 

 

← Тизме боюнча артка