"Айыл Банк" ААК “Акча дүйнөсү” темасына Quiz Night интеллектуалдык оюнду өткөрөт

17.10.2017

Оюндун максаты – финансы сабаттуулукту жогорулатуу жана акча дүйнөсүнө, тарыхына кызыктуу саякат.  Оюндун катышуучулары төккөн акчадан түзүлгөн акча байгесинен тышкары, жеңүүчүлөрдү Айыл Банктын атынан дагы белектер күтөт.
Оюн “Золотой дракон” мейманканасында 25-октябрь күнү болот. Башталышы саат 18.30.
Оюнга катышууну кааласаңыз, каттоодон өтүшүңүз керек.
Ал үчүн 5 адамдан турган команданы түзүп, аны атап жана “Акча дүйнөсү” темасына даярдык көрүү зарыл. Мындан тышкары ар бир команда 2000 сом өлчөмүндө акча төлөшү керек. Ушул акчадан оюндун банкы түзүлөт. Жеңген команда бүт акчаны утуп алат.
Оюндун эрежелери сизге белгилүү: командалар 15 суроого жооп бериши керек. Ар бир суроого жооп берүү үчүн ойлонууга 2 минута берилет. Эң көп суроого жооп берген команда жеңүүчү болуп саналат. Оюн болуп жатканда интернет, телефондор жана жооп берүүгө жардам берген башка гаджеттер менен пайдаланууга тыюу салынат. Өзүңүздүн билимиңизди гана пайдалансаңыз болот. Оюн учурунда ордуңуздан кетүүгө болбойт.
Каттоо маселелери боюнча төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыз болот: 0312-66 53 32, 0709002492, 0770 778815.
Оюнга катталуу жана команданын атынан акчаны төлөө алдын ала төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек шаары, Пушкин көч., 50 – Айыл Банктын башкы кеңсеси.
Сиздерди оюнда күтөбүз!


 

← Тизме боюнча артка