“Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күндүн” алкагында “Айыл Банк” ААКта Ачык эшиктер күнү болуп өттү

24.10.2017

Бишкек

Айыл Банктын башкы кеңсесинде чогулгандардын алдында Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Гульчехра Камчибекова куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.

“Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү” 31-октябрь күнү бүткүл дүйнө боюнча 90 жылдан бери, Кыргызстанда болсо үчүнчү жолу белгиленип жатканы жөнүндө эске салды. Айыл Банк бул акцияга биринчи жолу катышып, Ачык эшиктер күнүн Республика боюнча 8 филиалында өткөрдү. Ошондой эле Гульчехра Садырбековна Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкына жана Германиянын Сактык кассаларынын фондуна кыргыз калкына керек болгон иш чараны демилгелөө үчүн ыраазычылык билдирди.

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Лада Орозбаева: “Майрам, биринчи ирет, балдарга багытталган. Ушундай иш чаралар балдарга финансы жана экономика тармагында билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Себеби балдар кичинекейинен эле акчаны үнөмдөөгө жана сактоого үйрөнүшү керек” – деп белгилеп кетти.

Германиянын Сактык кассалар фондунун эксперти Динара Абакирова: “Жыл өткөн сайын ушул иш чаранын демилгесин колдогон банктардын саны көбөйүп келет. Быйыл Айыл Банк дагы кошулду. Ушул күнү коммерциялык банктардын өкүлдөрү Германиянын Сактык кассалар фондунун эксперттери менен биргелешип республика боюнча балдар жана чоңдор үчүн ар кандай көргөзмөлөрдү, лекцияларды, интерактивдүү оюндарды, коммерциялык банктардын кеңселерине жана Улуттук банктын музейине саякаттарды уюштурушту.

Иш чарага борборубуздун 9 жана 12-мектептин окуучулары жана Банктын кардарлары катышты. Алар үчүн Сактык кассалар фондунун жана Айыл Банктын байгелери менен конкурстар уюштурулду.

Ошондой эле окуучулар Айыл Банк жөнүндө сүрөттөрдү жана ырларды тартуулашты. Мындан тышкары окуучулар үчүн “Наристе” депозитин ачууга сертификаттар ойнотулду.

Иш чаранын аягында Айыл Банктын кызматкерлери окуучуларга банк боюнча саякат уюштурушту.

 

Нарын

“Айыл Банк” ААКтын Нарын филиалында уюштурулган иш чарага В.П.Чкалов атындагы №2 лицей-мектептин 9-10 класстардын окуучулары, Улуттук банктын Нарын облусунун башкармалыгынын жетекчиси жана кардарлар балдары менен катышышты. Ачык эшиктер күнү финансы сабаттуулугу боюнча лекция түрүндө өткөрүлдү жана балдардын арасында викторина уюштурулду, анын жыйынтыктары боюнча сертификаттар жана белектер тапшырылды.

← Тизме боюнча артка