“Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов банктык тегерек столго катышты

23.10.2017

 20-октябрь күнү КРдин Президентинин Мамлекеттик резиденциясында кезектеги банктык тегерек столу болуп өттү, ага КРдин Улуттук Банкынын Төрагасы Кубанычбек Кулматов, “Кыргызстандын Банктар союзу” ОЮЛдун башчысы Анвар Абдраев, коммерциялык жана мамлекеттик банктардын өкүлдөрү, анын ичинде “Айыл Банк” ААКтын Төрагасы Мурат Акимов, ошондой эле микрофинансылык уюмдардын, КРдин Аманаттарды коргоо боюнча агенттиктин, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар банктык коомдоштуктун актуалдуу жана маанилүү маселелерин, банктык жана микрофинансылык тармактын, чекене төлөмдөрдүн ички мамлекеттик базарды коргоо маселелерин, ошондой эле көзөмөлдү жүргүзүүнүн өз ара аракеттешүү жана өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Тегерек столдо акча-насыялык саясаттын, банк тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттардын, маалыматтык коопсуздуктун натыйжалуу системасын уюштуруу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасында банктык инновациялык кызматтарын өндүрүү маселелери каралды.

← Тизме боюнча артка