“Розовый Октябрдын” алкагында “Айыл Банк” ААКта акция болуп өттү.

27.10.2017

“Розовый октябрь” иш чаранын символу тамчы түрүндө бүктөлгөн кызгылт лента болду, аны аялдардын жеңишинин белгиси катары аялдар көкүрөккө тагынышкан. Акциянын максаты ушул кооптуу оору жөнүндө көптөгөн аялдарга түшүндүрүп жеткирүү. 1993-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму октябрь айын эмчектин рак оорусу менен күрөшүү айы деп жарыялады.

Азыркы диагностика жана эрте башталган дарыланууда рак менен ооругандардын 94% айыктырса болот. Ошондуктан ооруну алгачкы стадиясында “кармап калуу” зарыл. Тобокелдик тобуна 30 жаштан жогорку аялдардын баары кирет, ошондуктан оору жөнүндө билүү абдан актуалдуу маселе болуп саналат.

Октябрь бою дүйнө боюнча рак оорусун жеңген аялдарды урматтап куттуктоо айы, рак жана ушул оорунун алдын алуу жөнүндө профилактикалык маалыматты жайылтуу боюнча иш чаралар, ошондой эле онкологиялык оорулар менен ооругандарга жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акциялары өткөрүлдү.

“Розовая лента” бүгүн Айыл Банкка дагы жетти, бул жерде кызматкерлердин 50% аялдар.

Ушул акциянын алкагында “Эргене” ОФтин директору Таалайгүл Сабырбекова жолугушууларды өткөрүп, анда ушул оорудан кантип сактанышы керектиги жөнүндө, ар бир аял билиши керек болгон тобокелдиктердин факторлору жөнүндө айтып берди. Рактын эрте диагностикасы жөнүндө калкыбыз билимдери жетишсиз болгону жөнүндө сандарды келтирди. 2016-жылдын ичинде 613 аял эмчектин рак оорусуна учурашты, алардын ичинен 40% өтүшүп кеткен стадиясында аныкталды, деп ОФтин жетекчиси белгилеп кетти.

Банктын кызматкер аялдары лекцияны кызыгуу менен угушту, ал эми Банктын жетекчилиги “Эргене” ОФ менен биргелешип аялдарды медициналык жагынан текшерүү жөнүндө чечим кабыл алышты, ага өзүнчө кабинет бөлүндү.

 

← Тизме боюнча артка