“Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күндүн” алкагында “Айыл Банк” ААКтын Кара-Балта филиалында Ачык эшиктер күнү болуп өттү

25.10.2017

5 менен 6-класстын 60 окуучусу ата-энелери жана мугалимдери менен бирге баалуу байгелер ойнотулган викторинага активдүү катышышты.

“Айыл Банк” ААКтын Кара-Балта филиалынын башчысы Асхат Касымбаев “ушул күн Кыргызстанда уч жылдан бери белгиленип жатканы” жөнүндө окуучуларга айтып берди. Ушул иш чаранын демилгөөчүсү болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы жана Германиянын Сактык кассаларынын фонду саналат. “Ал эми “Айыл Банк” финансы сабаттуулугу менен байланышкандын баарын активдүү колдойт. Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнүн максаты – аманаттардын маданиятын жайылтуу жана үйрөтүү болуп саналат. Акчаны топтоо – өз келечекти пландаштыруу жана өз максатына жетүү мүмкүнчүлүгү” – деп Асхат Касымбаев кошумчалап кетти.

Мындан тышкары “Ар бир кишини төмөнкү маселелер кызыктырышы керек:

Акчаны кантип топтосо болот? Анын санын кантип көбөйтсө болот? Акчаны кайсы жерде сактоо керек? Татыктуу пенсияга кантип жетсе болот? Бюджетке насыялык жүктү кантип азайтса болот? Олуттуу финансы максатка (батир, машина сатып алууга, балдарды окутууга ж.б.) акчаны кантип топтосо болот? Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнүн алкагында Ачык эшиктер күнүндөй болгон акциялар ушул суроолорго жоопту издөөгө көмөктөшөт” – деп, Асхат Касымбаев белгилеп кетти.

Байге катары Айыл Банк “Наристе” аманатын ачууга сертификаттарды даярдады.

 

← Тизме боюнча артка