Айыл Банк” ААКтын Кызыл-Кыя филиалынын башчысы 2018-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселелери боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушууну өткөрдү

24.10.2017

Бул жолугушууда интенсивдүү бак өстүрүү боюнча каражаттарды өздөштүрүү тууралу сөз болду. Мындан тышкары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү ФСХ-5 насыя багытынын дыйканчылык боюнча каражаттарды өздөштүрүү маселелери боюнча маалымат алышты. Кыскача айтканда, бул жолугушу 2018-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселелерине арналды.

“Чанааны жайында, арабаны кышында даярда” деген орус макалды колдонмо кылып, Кызыл-Кыя филиалынын башчысы республика боюнча жазгы талаа иштери биринчи Баткен облусунда февраль айында башталары жөнүндө чогулгандардын эсине салды. Ошондой эле жер семирткичтерге, химикаттарга жана үрөндөргө баалар күзүндө жана кышында төмөндөйт. Башкача айтканда, продукциянын ушул түрлөрүнө суроо-талап азайып, баалары 30%га төмөндөйт. Мындан тышкары жер семирткичтерге, химикаттарга жана үрөндөргө баалар жазында өсүп кеткенин эске алып, ноябрда алынган насыя жазында алынган насыяга караганда эки эсе натыйжалуу. Ошону менен бирге жазында насыя ала турган элдин саны абдан көп болуп, насыялоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин жумушу көбөйөт.

Айыл өкмөттүн башчысы Санжар Абдуллаев фермерлер жөнүндө кам көргөнү үчүн Айыл Банктын филиалынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, интенсивдүү бак өстүрүү долбооруна абдан кызыкты. “Биздин айылда ар бир үй-бүлөнүн 20-30 га жери бар. Ошондуктан ушундай пайдалуу шарттарда ошол жерди интенсивдүү бак өстүрүү үчүн колдонсо болот. Биз ушундай бак өстүрүүнүн пайдасы жөнүндө түшүндүрүү иштерин айыл калкынын арасында тез аранын ичинде баштайбыз”, - деп ал кошумчалап кетти.

 

← Тизме боюнча артка