“Айыл Банк” ААК “Акча дүйнөсү” темасына Quiz Night интеллектуалдык оюнду уюштурду

26.10.2017

Бул көптөн бери күтүлгөн окуя, жана ага карата “Айыл Банк” ААК “Акча дүйнөсү” темасына Quiz Night интеллектуалдык оюнду 25-октябрь күнү өткөрдү. Бул тема абдан терең жана кең, бирок ошону менен бирге абдан кызыктуу.
 

Оюндун максаты – финансы сабаттуулукту жогорулатуу жана акча дүйнөсүнө, тарыхына кызыктуу саякат. 

Кызыктуу оюнга жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, студенттер жана оюнга кызыккандардын баары катышты. Оюндун жүрүшүндө командалар 15 суроого жооп беришти. Ар бир суроого жооп берүү үчүн ойлонууга 2 минута берилди.

Оюн башталаардын алдында оюндун катышуучуларына куттуктоо сөзү менен “Айыл Банк” ААКтын Төрагасы Мурат Акимов кайрылды. Ал “Банк заманбап коомунун муктаждыктарына жооп бергени жана мезгил менен бир кадам шилтегени” жөнүндө белгилеп кетти. “Аны “Береке” электрондук капчыктын пайда болушу тастыктайт. Ошондуктан бүгүн Сиздер менен ушул кубанычыбыз менен бөлүшкүбүз келди. Жашообузду жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк бергендин баары адамга кызмат кылышы керек. Мунун баары канчалык иштегени, ыңгайлуу болгону жана жашообузду жеңилдеткени жөнүндө Сиздер – журналисттер гана түшүндүрүп бере аласыздар. Ошондуктан биз пайдалуу менен жагымдуу ишти бириктирип: Сиздерге банк тармагынын финансы дүйнөсүнө эшикти ачып, сиздер менен таанышкыбыз келди.

Биздин Банк жөнүндө айта кетсек, биз рейтинг боюнча үч эң жакшы банктын ичине киребиз: уставдык капитал боюнча – биринчи, насыя портфели боюнча – экинчи жана киреше боюнча – үчүнчү орундабыз”.

Сөзүнүн аягында бардык катышуучуларга кызыктуу оюнду, ийгиликти жана убакытты жакшы өткөрүүнү каалап кетти.

 

“Пресс-хата” командасы 13 суроого жооп берип, жеңүүчү болуп чыкты. Бул команданын курамына белгилүү журналисттер Лейла Саралаева, Гульнара Мамбеталиева, Дмитрий Орлов, менеджер Аделя Лаишева жана оюндун эң жаш катышуучусу 8-класстын окуучусу Даяна Оселедко кирди.

 

Экинчи орунду алардан кем эмес жылдыздуу командасы менен «No comment» командасы ээледи: Айсулуу Текимбаева, Диля Юсупова, Жибек Бегалиева, Шавкат Тургаев, Артур Замир.

 

Үчүнчү орунду “Тандасаң да, тандабасаң да” командасы ээледи. Анын курамында төмөнкүлөр ойноду: Эркин Рыскулбеков, Нурлан Абдалиев, Тилек Исмаилов, Сурай Реджепова, Мирбек Токтогараев.

 

Оюн жакшы жана шайыр чөйрөдө өттү. Оюндун алып баруучусу Quiz мастер Максат Тынаев аудиториянын кызыгуусун күчөтүп, интриганы сактап турду. Мезгил-мезгили менен “Береке” Электрондук капчыгы жана анын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты оюндун катышуучуларына жеткирип турду.

Мындан тышкары, оюндун катышуучуларына Play Market менен App Store-ден “Береке” ЭКнин тиркемесин жүктөп алып катталуу сунушталды, жана биринчи жетишип калган беш катышуучуга оюндун уюштуруучулары - Айыл банктын өкүлдөрү – электрондук капчыгына бонус катары белгилүү сумманы которушту.

Жана оюндун аягында жеңүүчүлөргө Айыл Банктын атынан байгелер тапшырылды.

 

← Тизме боюнча артка