“Айыл Банк” ААК Бишкек шаарында “Бишкек-Мээрим” филиалын ачты

03.11.2017

Бул иш чара банк көрсөткөн кызматтардын түрлөрүн көбөйтүү максатында жана Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан уюмдарды, ишканаларды, жеке ишкерлерди жана жөнөкөй адамдарды тейлөө процессине тартуу максатында өткөрүлдү.

Мурда бул жерде №048-31-25 “Мээрим” сактык кассасы жайгашкан. Сактык кассанын ишин жана ачылган мезгилден тартып өсүү динамикасын талдоодон кийин Банктын жетекчилиги аны филиал кылып өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алды, себеби насыялоо, эсептешме-кассалык тейлөө, валютаны алмаштыруу ж.б.у.с. менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү үчүн филиалдын мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк жана ал кошумча кирешелерди алууга мүмкүнчүлүк берет. Базардын жана катаал атаандаштыктын шарттарында кардарларды сапаттуу жана ыкчам тейлөөсү гана банктын ишин алдыга жылдырууга жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк камсыздайт.

“Бул Бишкек шаарында төртүнчү филиал, аны Банктын өнүгүү стратегиясына ылайык ачып жатабыз. Бул стратегия борбор шаарында көптөгөн филиалдардын ачылышын караштырат”, - деп “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов баса белгилеп кетти.

Мындан тышкары, “филиалдын ачылышы төмөнкү башка себептер боюнча дагы абдан маанилүү окуя:

  • ири (корпоративдик), чакан жана орто бизнестин жаңы кардарларын эсептешме-кассалык тейлөөгө тартуу;
  • филиалдын ресурстук базасын көбөйтүү;
  • насыялоо портфелин көбөйтүү;
  • операциялык ишмердүүлүктүн (эсептешме-кассалык тейлөө, валюта алмаштыруу операциялар, SWIFT которуулар, төлөмдөрдү кабыл алуу ж.б.) эсебинен кирешени көбөйтүү;
  • тейлөө түйүндөрдүн санын көбөйтүү жана анын натыйжасында Банктын кирешесин көбөйтүү.

Шаардын борборунда жайгашкан бизнес өкүлдөрүнө, мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга өзгөчө көңүл бурулары жөнүндө белгилеп кетүү зарыл. Филиалдын кардарларына өзгөчө шарттар, жеке мамилелер жана пайдалуу тарифтер сунушталат”.


 

← Тизме боюнча артка