“Айыл Банк” ААКтын Ноокат филиалынын өкүлдөрү “Алма фестивалы - 2017” иш чарасына катышты

28.10.2017

Бул иш чараны Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик райондук акимдиги, “АгроЛид” Коомдук бирикме, Финляндиянын МИДи жана Эл аралык кызматташуунун Герман коому (GIZ) тарабынан каржыланган “Соодага көмөктөшүү” ПРООНдун долбоору биргелешип уюштурушту.

Уюштуруучулардын сөзү боюнча ушул Фестивалды өткөрүүнүн максаты жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн экспорт маселелерин талкуулоо боюнча аянтты түзүү, бардык кызыккан адамдарды жана дүң сатып алуучуларды катыштырып, ноокат алмасын жергиликтүү жана чет өлкөлүк базарында натыйжалуу сатуу боюнча чараларды талкуулоо, ошондой эле Ноокатта логистикалык борборду өнүктүрүү үчүн инвестицияларды, донорлорду тартуу боюнча аянтты түзүү.

Фестивалдын программасында – Ноокаттын борбордук аянтында көргөзмө-жарманке жана райондун тарыхый музейинин конференц-залында тегерек стол. Ноокат филиалынын насыялоо боюнча башкы адиси Майрамбек Шерматов тегерек столдо Айыл Банктын продуктылары жөнүндө презентация өткөрдү. Тегерек столдун катышуучулары дыйкандарды колдоо боюнча Айыл Банк аркылуу арзан насыяларды алуу тууралуу көптөгөн суроолорду берип, аларга толук жооп алышты.

 

 

 

← Тизме боюнча артка