“Айыл Банк” ААКтын Сокулук филиалынын кардары Банктан алган насыяга дүкөн ачты

30.10.2017

Дүкөндү филиалдын кардары Виталий Лукинов ачып, ага энесинин атын койду. 2016-жылдын жаз мезгилинде Виталий бизнести өнүктүрүү үчүн Сокулук филиалынан насыя алды. Ал өндүрүштүк деңгээлде бройлер тоокторун багып семиртет: Новосибирскийден бройлер тооктордун жумурткаларын алып келип, өзүнүн инкубаторунан балапандарды чыгарат жана сойгонго жарактуу болгонго чейин багып, Сокулук районунун жана Бишкек шаарынын дүң сатып алуучуларына сатат.

Мындан тышкары, Виталий өзүнүн продукциясын – чийки, ышталган, тоңдурулган жана фарш түрүндөгү токтун этин өзү сата баштады. Ошондой эле ассортиментте тооктон жасалган колбаса, цыплята –табака бар. Кардар ошондой эле гриль тоокту даярдоо үчүн аппаратты сатып алган.  Виталий Лукиновдун кардарларынын сөзү боюнча анын продукциясы башка өндүрүүчүлөрдүн продукциясынан жогорку сапаты менен жана жасалма химиялык кошумчалардын жоктугу менен айырмаланат. Бардык чыгарган продукциясына Виталий ыйгарым укуктуу органдардан сапатын тастыктаган сертификаттарды алды.

Дүкөндү ачуу аземинде Виталий Лукинов Айыл Банкка көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын сөзү боюнча: “насыяны алып, бизнестин көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жабдууларды сатып алууга жана жүгүртмө капиталды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Натыйжасында, продукцияны сатуу боюнча жеке дүкөндү ачтым, ал бизнес боюнча кирешелерди көбөйтүүгө жол ачты” – деп, бизнесмен баса белгиледи.

Сокулук филиалынын башкармасы кардарга Айыл Банктын логотиптери менен белектерди тапшырып, ийгилик жана бизнестин өсүүсүн каалап кетти.  Мындан тышкары, финансылык эсептешүүлөрдү жеңилдетүү үчүн Виталий Лукиновду “Береке” электрондук капчыкка туташтырды.


 


 

← Тизме боюнча артка