Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында жаңы Сактык касса жана Аймактык бөлүк ачылды

08.11.2017

 Ушул аймакта сактык кассанын ачылышына Ноокат районунун батыш жагында Банктын филиалдары жок болгондугу себеп болду жана ал 2017-жылга карата Банктын өнүгүү планына ылайык ачылды.

Бул иш чарага Ноокат райондук акимдигинин башчысы Нияз Козуев, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Сатар Минбаев, жооптуу катчы Гулчынар Маматова, Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Розакан Шамаева, Он-эки-бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутман Турсункулов, мурунку жетекчилер, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ветерандары Мамыр Эминбаев, аймактын жеке ишкерлери жана тургундары катышты.

Ноокат филиалынын башкармасы Абдибает Муратов өзүнүн куттуктоо сөзүндө төмөнкүнү белгилеп кетти: “Бүгүнкү күндөн тартып ушул аймактын тургундары банк кызматтарынын төмөнкү көптөгөн түрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты: пенсияларды алуу, акча которуулардын эл аралык тутумдары, “Береке” акча которуулар тутуму аркылуу операцияларды жүргүзүү, чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү, эсептешме-кассалык тейлөө, Банктын насыя продуктыларынын линейкасынан насыялардын бардык түрлөрүн алуу, анын ичинде жеңилдетилген насыяларды, Кумтор-Чакан насыяны, лизингди алуу. Биз тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн керектүү болгон бардык шарттарды түзөбүз.”

 

Райондук акимдигинин башчысы Нияз Козуев: “Аймагыбыздын тургундары үчүн жок дегенде бир мамлекеттик банктын иштеп туруусу абдан керек”, - деп белгилеп кетти. Ал эми Банктын туруктуу кардары Абдилла Амиров: “Соц. фондду жана салыкты төлөө үчүн Ноокатка баруу зарылчылыгы жок болуп калды. Ошону үчүн Банктын жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге ийгилик жана өнүп-өсүүнү каалайбыз!” - деп кошумчалап кетти.

 

Салтанаттуу бөлүгүнөн кийин келген конокторго Сактык касса боюнча саякат уюштурулду.

Маалымат үчүн:

Сактык касса жумасына 6 күн саат 8.30дан 17.30га чейин иштейт, эсептешме-кассалык тейлөө 8.30дан 16.30га чейин, тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин. Ишемби күнү саат 8.30дан 13.00гө чейин тыныгуусуз иштейт.

 

← Тизме боюнча артка