ЕАӨБ “Айыл Банк” ААКтын кардарлары үчүн сооданы каржылоо боюнча биргелешкен семинарды өткөрдү

14.11.2017

“Импортёрлордун жана экспортёрлордун соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү куралы катары документардык операциялар” аттуу семинардын форматына маалыматтык материалдарды таратуу менен лекциялар, “Айыл Банк” ААКтын продуктылары боюнча презентациялык материалдар, ошондой эле суроо-жооптор кирди.  Семинардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын резиденттеринин 28 компаниясы/ ишкери болду.

“ЕАӨБнын маселеси  катышуучу-мамлекеттердин финансы базарларын өнүктүрүү, анын ичинде аны ар кандай куралдар жана технологиялар менен толтуруу саналат. Ушундай семинарды өткөрүү сооданы каржылоо тармагындагы билимдерди жана ыкмаларды өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, алар, өз кезеги менен, финансы чечимдерди кабыл алууга, финансы тобокелдерди эсептеп чыгууга жана эң негизгиси экспортёрлордун жана импортёрлордун укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк берет”, – деп ЕАӨБнын башкаруучу директору Дмитрий Ладиков-Роев белгилеп кетти.

Семинардын жүрүшүндө угуучулар эл аралык соода тармагындагы төлөмдөрдүн ар кандай ыкмалары менен, аккредитивдердин жана кепилдиктердин түрлөрү менен, документардык операцияларды колдонуу менен шериктештер менен кызматташууда тобокелдерди минимизациялоо ыкмалары менен, ошондой эле соода операцияларын финансылоо мүмкүнчүлүгү менен таанышышты.

Долбоордун негизги идеясы – өлкөлөр ортосундагы соодалоону кеңейтүүгө жана соода келишиминин катышуучуларынын ортосунда ишенимди түзүүгө көмөктөшүү.

“Евразиялык Өнүктүрүү банкы менен кызматташууга абдан кубанычтабыз жана ага Кыргыз Республикасында ишкердиктин жана атаандаш чөйрөсүнүн туруктуу өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча стратегиялык шериктеш катары карайбыз. Шериктешибиздин демилгеси кардарларыбыз үчүн абдан актуалдуу  жана маанилүү, себеби алар ЕАЭСтен тышкаркы өлкөлөргө продукциянын импорту/ экспорту менен алектенишет.  Алган билимдер өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар жүгүртүүсүнө жана экономикалык мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө көмөктөшөрүнө ишенем”, - деп, “Айыл Банк” ААКтын Төрагасынын милдетин аткаруучу  Камчибекова Гульчехра Садырбековна белгиледи.

Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) - бул, катышуучу-мамлекеттердин базар экономикасынын өнүгүүсүнө, алардын туруктуу экономикалык өсүшүнө жана өз ара соода-экономикалык байланыштардын кеңейүүсүнө көмөктөшүү максатында, Россия менен Казахстан тарабынан 2006-жылдын январь айында уюштурулган эл аралык финансы уюму. ЕАӨБнын уставдык капиталы АКШнын 7 млрд долларды түзөт. Банктын катышуучу-мамлекеттери болуп Армения Республикасы, Беларусь Республикасы,  Казахстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы жана Таджикистан Республикасы саналат.

ЕАӨБнын пресс-борбору:

+7 (727) 244 05 45 доб. 6147 (Алматы)

+7 (495) 645 04 45 доб. 2724 (Москва)

pressa@eabr.org

 “Айыл Банк” ААК (Кыргыз Республикасы) – бул, ири мамлекеттик банк, ал агрардык тармакты колдоого гана багыт албастан, кызматтардын толук тизмесин көрсөткөн универсалдуу банк болуп саналат.

 

«Айыл Банк» ААКтын пресс-кызматы:

+996 312 665 332

pressa@ab.kg

www.ab.kg

 

 

 

← Тизме боюнча артка