“Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү “Жашыл экономика”: теориядан практикага. Бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” темадагы форумга катышышты

23.11.2017

Бул иш чараны Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Эл аралык кызматташуу боюнча Германдык фонду (GIZ)  биргелешип, UNDP-UNEP «Жакырчылык жана айлана чөйрө» (PEI), “Жашыл экономика боюнча иш-аракеттер үчүн кызматташуу” (PAGE) Демилгелери менен жана “Биз Эксперт” Аналитикалык борбордун катышуусу менен уюштурулду.

Форумдун максаты жеке секторду жашыл экономикага активдүү тартууга көмөктөшүү жана ал ата мекендик бизнес үчүн өсүүнүн жаңы чекити болуп саналат.

Бул Жашыл экономикалык Форумга жеке сектордун, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, финансы институттардын, ошондой эле эл аралык уюмдардын  атынан 200дөн ашык киши катышты жана алардын ичинде “Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү дагы катышты..

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов өзүнүн куттуктоо сөзүндө белгилегендей, “жашыл экономика” Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн алгачкы багыты болуп эсептелет.

Негиздеме катары кабыл алынган “Таза коом. Жаңы доор” 2018-2014 жылдарга Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн стратегиясынын долбооруна жашыл экономикага өтүүнүн негизги принциптери салынган.

Ошондой эле өлкөдөгү жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн практикалык кадамдарынын бири болуп, климат өзгөрүү тармагында программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Жашыл климатикалык фондунан жана эл аралык уюмдардан финансы ресурстарын жана инвестицияларын тартууга көмөктөшүү үчүн КРдин климатикалык финансылоо боюнча Борборду түзүү саналары жөнүндө билдирди.

Форумдун ишине Монголиядан келген коноктор дагы катышты, алар жашыл экономиканы, атап айтканда жашыл финансылоону жана мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Форум өткөрүлгөн күндүн экинчи бөлүгүндө  төмөнкү багыттар боюнча 3 сессия болуп өттү:

- жеке секторду натыйжалуу өнүктүрүү үчүн жашыл технологиялар;

- жашыл экономиканы алга жылдыруу үчүн туруктуу финансылоо;

- жеке секторду жашыл экономикага өткөрүү үчүн мамлекеттик өбөлгөлөө чаралары;

Ушул сессиялар Кыргыз республикасында жашыл экономиканы жана анын принциптерин алга жылдыруу боюнча сунуштарды жана механизмдерди талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн уникалдуу платформа болуп саналат.

Форумдун жыйынтыктары боюнча резолюциянын долбоору кабыл алынды, ал долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өлкөнүн стратегиялык документтерине киргизилип, иштелип чыгат.

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка