“Айыл Банк” ААКтын Кара-Суу филиалына 6 жыл

27.11.2017

Насыя портфели 80,0 млн. сомдон 400,0 млн сомго чейин жетти. Азыркы учурда насыяларды кайтаруу деңгээли 99,5%ды түзөт.  5400дөн ашык карта чыгарылды. Оомат сактык кассасына кошумча болуп төмөнкү 4 жаңы сактык касса ачылды: Автовокзал, Киров, Кашкар-Кыштак, Фуркат. Ошондой эле Фуркат аймактык бөлүмү ачылды.

Азыркы убакытта Банктын эң жакшы иштеген төрт ири филиалдын ичине кирет: операциялык кирешелер боюнча 3-орунду жана кирешелер боюнча 5-орунду ээлейт, Береке жана МСДП боюнча которуулардын 10% ушул филиал аркылуу өтөт. Филиалдын кызматкерлери иштин жыйынтыктары боюнча грамоталарды жана алкыштарды нечен жолу алган. Ушул жетишкендиктер – ар бир кызматкердин талыкпас эмгегинин жыйынтыгы.

 Айыл Банктын жетекчилиги Кара-Суу филиалынын кызматкерлерин 6-жылдык мааракеси менен куттуктап, аларга чын ден соолук, ишинде ийгилик,  кесиптик өсүүнү жана тынчтык каалайт.

 

← Тизме боюнча артка