“Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү “Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү жана алга жылдыруу” темасында өткөрүлгөн 8-туристтик форумдун ишине катышты

22.11.2017

 “Айыл Банк” ААК ушул иш чаранын шериктеши катары, форумдун уюштуруусуна финансы жагынан жардам көрсөттү.

Мындан тышкары, Айыл Банктын продуктылары менен тааныштыруу максатында, туристтик форумдун катышуучулары үчүн жарнамалык стенддер уюштурулду.

Форумдун алкагында өлкөдөгү туризмди жана жарандык авиацияны өнүктүрүү маселелери талкууланды жана форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков катышты.

← Тизме боюнча артка