“Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңеши акционерлердин кезексиз Жалпы чогулушун өткөрдү

25.12.2017
  • “Айыл Банк” ААКтын Уставын жаңы редакцияда бекитүү.
  • “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңеши жөнүндө жобону жаңы редакцияда бекитүү.
  • “Айыл Банк” ААКтын Корпоративдик башкаруу кодексин жаңы редакцияда бекитүү.
  • “Айыл Банк” ААКтын Аудит боюнча комитети жөнүндөгү жобону күчүн жоготту деп таануу.

Мындан тышкары, Директорлор кеңешинин төмөнкү курамы 3 жылга шайланды:

Маматов Кайрат Адамкалиевич – Директорлор Кеңешинин Төрагасы;

Директорлор Кеңешинин мүчөлөрү:

Кулов Темирбек Асаналиевич;
Мамытов Нурлан Токтобекович;
Базаркулов Улан Аскарбекович.

Директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү Базаркулов Улан Аскарбековичтин чакан жана орто бизнес ишканаларында, ошондой эле банк чөйрөсүндө чоң башкаруучулук тажрыйбасы бар, ал КРдин Улуттук банкында, “РСК” ААКта, “Финанс Кредит Банк” ААКта иштеген.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" жаңы Мыйзамга ылайык, банктарда Башкармалыктын курамында бештен кем мүчө болбошу керек. Ушул мыйзамга ылайык, Директорлор кеңеши “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары жана Башкармалыктын бешинчи мүчөсү катары Ногаев Уланбек Мелисовичти дайындады.

Уланбек Мелисовичтин банк чөйрөсүндө чоң башкаруучулук тажрыйбасы бар, ал “РСК” ААКта, “БТА Банк” ЖАКта (мурда “Инексимбанк” ЖАК), “КИКБ” ЖАКта иштеген. Айыл Банкта 2014-жылдан баштап Казына башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

← Тизме боюнча артка