“Кепилдик фонду” ААКтын версиясы боюнча “Айыл Банк” ААК “Эң мыкты банк” номинациясында 1-орунду ээледи

29.11.2017

“Ысык жай” акциясы боюнча чакан жана орто ишкердик субъектилерин каржылоо жолу менен КРдин кепилдик тутумунун өнүгүүсүнө чоң салым кошкону үчүн  “Айыл Банк” ААК “Эң мыкты банк” номинациясында 1-орунду ээледи. Ушул сыйлыкты Банк эмгегине жараша алды, себеби Кыргыз Республикасынын башка Банктардын арасында Айыл Банктын 01.11.2017ж. карата көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй: уставдык капитал боюнча 1-орун, кредиттик портфель боюнча 2-орун, накта киреше боюнча 4-орун, бул көрсөткүчтөр, Банк дайыма өнүгүүгө умтулганы жөнүндө далилдеп турат.  Жана бул сыйлык ошону тастыктайт.

Мындан тышкары, Эң мыкты филиал номинациясында 1-орунду “Айыл Банк” ААКтын Нарын филиалы ээледи.  Ошондой эле Айыл Банктын беш филиалы, атап айтканда Кочкор, Кызыл-Кыя, Кант, Токмок жана Кара-Балта филиалдары, кепилдиктер менен камсыздалган чакан жана орто ишкердик субъектилерине насыяларды берүү боюнча натыйжалуу ишти уюштурганы үчүн Ардак грамоталары менен сыйланды.

 

“Айыл Банк” ААКтын Ат-Башы аймактык бөлүмүнүн кызматкери Бекназар Тагайназаровго “Кепилдиктерди колдонуу менен берилген насыялардын эң чоң саны” номинациясында башкы байге «Iphone-6» ыйгарылды, ал эми Кочкор филиалынын кызматкери Венера Насирова Нарын облусу боюнча ушул эле номинацияда 1-орунду ээлеп, «Daewoo» маркадагы телевизорду утуп алды.

Төмөнкү филиалдардын бир катар кызматкерлерине жогорку даражадагы  кесипкөйлүк үчүн жана кепилдиктер менен камсыздалган насыяларды берүүгө активдүү катышкандыгы үчүн Алкыш каттар тапшырылды:

Абдыкасым Акматов - Кадамжай филиалы
Кабан  Аширалиев - Токмок  филиалы
Султанбек Кашбаев – Чолпон-Ата  филиалы
Урмат Кудайбердиев – Гульчө  филиалы

Банктын кызматкерлерин алган сыйлыктары менен куттуктайбыз жана ишинде ийгилик каалайбыз.

 

 

← Тизме боюнча артка