«Айыл Банк» ААК тейлөө сапатты жакшыртуу боюнча эң жакшы сунушка конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

29.12.2017

   Бул конкурс 2017-жылдын 11-октябрында  дүйнө коомчулугу белгилеген  Бүткүл дүйнөлүк Сапат күнүнө карата  жарыяланганы жөнүндө эсиңизге салабыз.  Конкурстун негизги максаты  Айыл Банктын продуктыларынын жана кызматтарынын сапатына коомчулуктун көңүлүн буруу саналат.  
Биздин кардарлар жана кызматкерлер активдүүлүгүн көрсөтүп, сапат маселеси аларды абдан кызыктырганы жөнүндө айтышты.  Бардыгы 34 сунуш түштү. Комиссия берилген сунуштарды карап жана талкуулап чыгып, 1-орунду эч кимге бербөө жөнүндө чечим чыгарышты, бирок ошону менен бирге 2 жана 3-орунду экиден адам ээледи. 
2- орун:
- Саипов Азамат Аширбаевич
- Сариев Рыспек Асылбекович



3- орун:
- Калмурзаев Нургазы Тологонович
- Болотбек уулу Нурсултан

Башкармалыктын Төрагасынын Орун басары Авасбек Тамиликов жеңүүчүлөргө сертификаттарды тапшырды, ал эми акчалай байгелер (2-орун үчүн 5000 сом, 3-орун үчүн 3000 сом өлчөмүндө) жеңүүчүлөргө ачылган “Береке” электрондук капчыктарына которулду.

 

 

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка